Түрк балынын экспорту

Түркия 10 айда 4 миң 146 тонна бал экспорттоду.

1310244
Түрк балынын экспорту

Дүйнөнүн төрт тарабындагыларды тамшандырган түрк балынын январь-октябрь мезгилиндеги экспортунан 18 миллион 406 миң 57 долларлык киреше түштү.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиядан жылдын 10 айлык мезгилинде дүйнөнүн төрт тарабына 4 миң 146 тонна бал экспорттолду.

Түркиянын бал рыногунда биринчи орунда турган Германияга бул мезгилде 5 миллион 722 миң 981 долларлык баага 1461 тонна бал сатылды.

Балдын экспортунда АКШ 3 миллион 498 миң 668 доллар менен экинчи, Сауд Арабия 2 миллион 457 миң 255 доллар менен үчүнчү, Кувейт 1 миллион 27 миң 169 доллар менен төртүнчү жана 582 миң 870 доллар менен Австрия бешинчи орунда турат.



Тектеш кабарлар