Түркиянын экспорт көрсөткүчтөрү жарыяланды

Соода министри Рухсар Пекжан, Мерсинде сентябрь айынын экспорт көрсөткүчтөрүн жарыялады.

1280629
Түркиянын экспорт көрсөткүчтөрү жарыяланды

Түркиянын сентябрь айында экспорту өткөн жылдын тийиштүү айындагы көрсөткүчтөн ашып 15 миллиард 220 миллион доллар болду.

Соода министри Рухсар Пекжан, Мерсинде сентябрь айынын экспорт көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Пекжан: «Сентябрь айында экспортубуз өткөн жылдын сентябрь айындагы күчтүү көрсөткүчтүн үстүнө чыгып 15 миллиард 220 миллион доллар болду. Жылдын 9 айындагы жалпы экспортубуз өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,56 пайыза артып 132 миллиард 505 миллион долларга жетти. Сентябрь айында экспортубуз 0,15 пайыздык өсүү көрсөтүп 16 миллиард 961 миллион доллар болду»,-деди.

Пекжан: «Өткөн жылы 9 айда 52,5 миллиард доллар болгон тышкы соода кемчилигибиздин 68,8 пайыз сыяктуу олуттуу төмөндөө менен 16,4 миллиард долларга төмөндөөсү маанилүү»,-деп айтты.

Андан башка сүйүнчү да берген Пекжан: «Эксимбанк, Түрк лирасынын кредит пайыздарын бүгүнтөн тарта 9,61 пайызга түшүрдү»,-деди.



Тектеш кабарлар