Венесуэла Орусияга болгон карызын рубль менен төлөдү
Венесуэла Орусиядан доллар менен карыз алган болчу.
![Венесуэла Орусияга болгон карызын рубль менен төлөдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/6afb/e7fb/e715/5bb338b3e0b92.jpg?time=1718762209)
Венесуэла АКШнын киргизген санкцияларынын айынан Орусиядан доллар катары алган карызын рубль менен төлөөгө аргасыз болду.
Спутник агенттигинин маалыматына караганда, Орусиядан алган 3.15 миллиард доллар наркындагы карызынын мөөнөтү толгон тилимин рубль менен жапты.
Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчак RBC сайтына берген маалыматында: «Баардык төлөм төлөөчүлөргө ушундай мүмкүнчүлүктү түзүүдөбүз. Бул алардын тандоосу»,-деди.
Орусиянын Каржы министрлиги буга чейин Венесуэланын өз карызынын 200 миллион долларлык экинчи тилимин төлөгөндүгүн билдирген бирок кеңири маалымат берген эмес.
АКШнын Венесуэлага каршы киргизген санкциялары бул өлкөнүн карызын рубль менен төлөөгө аргасыз кылды.
Венесуэла Орусияга болгон карызынын 100 миллион долларлык биринчи тилимин өткөн апрель айында жапкан болчу.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718762209)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.