Путин, Түркия өнөктөш өлкө болгон INNOPROM жарманкесине катышат
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, журналисттер менен болгон жолугушууда Путиндин 8-11-июлда Екатеринбургда боло турган INNOPROM жарманкесине катыша турганын айтты.
![Путин, Түркия өнөктөш өлкө болгон INNOPROM жарманкесине катышат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ce29/a51d/9959/5d1f332289d8a.jpg?time=1718759782)
Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркия өнөктөш өлкө болгон Орусиянын эң маанилүү өнөр жай иш-чараларынан бири катары INNOPROM Эл аралык өнөр жай жарманкесине катышат.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, журналисттер менен болгон жолугушууда Путиндин 8-11-июлда Екатеринбургда боло турган INNOPROM жарманкесине катыша турганын айтты.
Форумдун алкагында Путиндин ар кайсы иш-чараларга катыша турганын белгилеген Песков, орус лидердин форумдун алкагында боло турган Глобалдык өндүрүү жана өнөр жайлашуу саммитинде да сөз сүйлөй турганын белгиледи.
INNOPROMго өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк менен катар Түркиядан көп сандаган жооптуу кызматкер жана фирма өкүлүнүн катышуусу күтүлүүдө.
Варанк бул жердеги жолугушууларынын алкагында Орусиянын соода жана өнөр жай министри Денис Мантуровдун көп сандаган Орусиялык жооптуу кызматкерлер менен жолугушуусу көздөлгөн.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718759782)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.