Түркиянын павильону Германияда логистика тармагынын кызыгуусун тартты

Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) жарыясына караганда Мюнхенде эки жылда бир өткөрүлгөн Транспорт логистикасы жарманкесине 63 өлкөдөн 2374 фирма катышты.

1219925
Түркиянын павильону Германияда логистика тармагынын кызыгуусун тартты

Түркия, Германияда өткөн жана логистика секторунун глобалдык жолугушуу платформасы болгон Транспорт логистикасы-2019да кызыгуу тарткан өлкө болду.

Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин (DEİK) жарыясына караганда Мюнхенде эки жылда бир өткөрүлгөн Транспорт логистикасы жарманкесине 63 өлкөдөн 2374 фирма катышты.

Жалпы 125 өлкөдөн 64 миң катышуучуну тоскон жарманкеде Тышкы экономикалык байланыштар кеңешинин Логистикалык жумуш кеңешмесинин демилгеси, Эл аралык жүк ташуучулар коому (UND) жана Эл аралык транспорт жана логистика тейлөөлөрдү өндүргөн коомдордун (UTİKAD) колдоосу менен алгач ирет ачылган Түркия павильону чоң кызыгууну тартты.

Жарманке убагында берилген Түркия сый кечесинде түрк даамдары сунулуп ар башка өлкөлөрдөн коноктор тосулду. Айрыкча түрк павильонуна тобу менен келген Италиянын порт башкаруулары менен түрк логистика фирмаларынын ортосунда иш сүйлөшүүлөрү жүзөгө ашты.

Жарманкеде 4 күн бою ар башка өлкөлөрдөн конокторду тоскон павильонго катышуучулар дагы иш-чарага абдан ыраазы болушту.

Павильондун иш-чараларынын алкагында жарманкенин экинчи күнүндө өткөрүлгөн коктейлде фирмалар иш өнөктөштөрүн тосуп жатканда жаңы байланыштарды курууга үлгүрүштү.

Түркия павильонун жарманкенин көздөлгөн оруну кылган башка бир иш-чара да түрк фирмалары менен иш сүйлөшүүлөрүн жасаганы келгендердин ортосунда жүргүзүлгөн чүчүкулак тартуу менен берилген жана Стамбулда өткөрө турган дем алыш күндөрүндөгү эс алуу болду.

Транспорт логистикасы-2019 Түркия логистика павильонуна Галата транспорт, Globelink Unimar Logistics, Орегон технология тейлөөлөрү, Railport Terminal Operations, Sarp Intermodal, Soft иш чечүү жолдору, Tur Transit Logistics, Ulustrans Logistics жана Xinerji технолгия тейлөөлөрү сыяктуу фирмалар орун алды.

Түркиядан тышкары арасында Австрия, Франция, Греция, Италия, Румыния жана Испания да орун алган 17 өлкө павильон менен катышты.



Тектеш кабарлар