Түркиянын лимон экспорту
Лимон экспортунан 266 миллион 959 миң доллар киреше алынды.
![Түркиянын лимон экспорту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9b3f/51ca/d9b8/5ce3f03a93c57.jpg?time=1718742496)
Түркиянын лимон экспорту өткөн жылга караганда 15 пайызга өсүп 563 миң 703 тоннага жогорулады. Лимон экспортунан 266 миллион 959 миң доллар киреше алынды.
Экспорттун өлкөлөргө карата таркатылышына караганда Орусия менен Ирак 142 тонна менен тизменин башында орун алды. Бул өлкөлөрдөн кийин 53 миң тонна менен Украина, 38 миң тонна менен Сауд Арабия жана 27 миң тонна менен Румыния келди.
Улуттук цитрустук кеңешинин башкаруу кеңешинин төрагасы Кемал Качмаз бул тууралуу Европага жасалган экспортто да өсүүнүн болгондугун айтып : «Алдыбыздагы сезон Кытай Элдик Республикасы башта болуу менен алыскы өлкөлөргө сатууну каалайбыз. Бул тууралуу иштерибиз улантылууда. Министрлерибиз да керектүү итерди аткарууда. Өлкөлөр арасында сүйлөшүүлөр улантылууда»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718742496)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.