Түркия менен Иран соода көлөмүн 30 миллиард долларга жеткиргиси келет

Ирандын Маку эркин соода аймагынын башкы директору Гулам Сүлеймани, эки өлкөнүн жеке менчик секторунун кызматташуусуна байланыштуу өз баасын берди.

1070033
Түркия менен Иран соода көлөмүн 30 миллиард долларга жеткиргиси келет

Ирандын Маку эркин соода аймагынын башкы директору Гулам Сүлеймани, Түркия жана Ирандын жеке менчик сектор күчтөрүн бириктирген учурунда дүйнөлүк базарда сөз ээси боло тургандарын айтты.

Гулам Рыза Сулеймани, эки өлкөнүн жеке менчик секторунун кызматташуусуна байланыштуу өз баасын берди.

Түркия жана Иран ээ болгон мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүүнүн эки өлкөнүн соода иш-аракеттерине маанилүү салым кошо турганын айткан Сүлеймани: «Түркия жана Ирандагы жеке менчик сектор күчтөрүн бириктирсе дүйнөлүк базарда сөз ээси боло алат. Бул үчүн жеке менчик сектордун алдындагы банкчылык жана бажыкана тоскоолдуктарынын жоюлушу керек»,-деп айтты.

Эки өлкөнүн соода көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүү чечкиндүүлүктөрүн кеп кылган Сүлеймани, муну ишке ашырыш үчүн карым-катнаштардын эң жогорку деңгээлге жеткирилгенин эске салды.

Эки өлкөнүн соода иш-аракеттерин өнүктүрүү темасында Маку эркин соода аймагынын маанисине токтолгон Сүйлеймани, Маку Ирандын Түркияга ачылган каалгасы экенин бегиледи.



Тектеш кабарлар