Түркия эң көп фундукту Германияга сатты
Түркия өткөн сезондо 119 өлкөгө 286 миң 777 тонна фундук экспорттоп 1 миллиард 782 миллион 226 миң доллар киреше тапты.
![Түркия эң көп фундукту Германияга сатты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d489/62f2/1977/574ed558734bb.jpg?time=1718765985)
Дүйнөлүк фундук өндүрүү жана базарынын чоң бөлүгүн колго алган Түркия 2017 – 2018 экспорт мезгилинде акыркы 9 сезондо болгондой эң көп фудукту Германияга сатты.
Түркия өткөн сезондо 119 өлкөгө 286 миң 777 тонна фундук экспорттоп 1 миллиард 782 миллион 226 миң доллар киреше тапты.
Түркиянын 2017 - жыл 1 - сентябрь, 2018 - жыл 31 - август мезгилинде эң көп фундук экспорттогон өлкөлөрдүн арасында орун алган Гремания акыркы 9 сезондо болгондой дагы биринчи орунду алды.
Фундук экспортунда Германиядан кийин 57 миң 379 тонна фундук экспорту менен Италия келди. Бул өлкөгө сатылган фундуктан 357 миллион 3314 миң 342 доллар киреше кирген.
Германия менен Италиядан кийин үчүнчү орунду Франция алды. Бул өлкөгө 20 миң 42 тонна фундук саткан Түркияга 124 миллион 506 миң 889 доллар киреше кирген.
Түркиянын 2016 - 2017 сезонунда эң көп фундук экспорттогон биринчи үч өлкө кезеги менен Германия, Италия жана Франция болду.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718765985)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.