Түркия АКШдан импорттолгон 22 товарга салык катышын эки эсе жогорулатты

Соода министри Рухсар Пекжан,Түркия-Африка соода жана экономикалык карым-катнаштарды кеңешүү жыйналышынын ачылышында сөз сүйлөдү.

1033152
Түркия АКШдан импорттолгон 22 товарга салык катышын эки эсе жогорулатты

Соода министри Рухсар Пекжан, АКШдан импорттолгон 22 товарга салык катышын эки эсеге чыгаргандарын жана санкцияларга 533 миллион доллардык кошумча салык менен жооп кайтаргандарын айтты.

Соода министри Пекжан, Түркия-Африка соода жана экономикалык карым-катнаштарды кеңешүү жыйналышынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө, дүйнөдө соода согуштары сүйлөшүлгөн мезгилден өтүлгөнүнө шилтеме кылып, ушул алкакта экономикалык кызматташтыктарды сүйлөшүү үчүн абдан маанилүү мезгилден өтүлгөнүн айтты.

Келип жеткен жерде АКШнын таштаган бир беткей «буйрук» кадамдарынын натыйжасында дүйнөдө соода тең салмактуулуктарынын коркунучка түшкөнүн белгилеген Пекжан: «Ар бир өлкөнүн АКШ менен кошо улуттук сезимталдыктары, улуттук муктаждыктары болушу мүмкүн, бирок улуттук муктаждыктар менен эл аралык экономикалык чындыктардын ортосунда тең салмактуулук эске алынышы керек. АКШ, темир-болот жана алюминий секторунда баштаткан процесс менен дээрлик бүткүл дүйнөгө каршы туруп, эч кимге пайдалуу болбой турган тирешүү процессине кирген абалда»,-деди.

АКШнын Канада жана Мексика сыяктуу эң жакын соода өнөктөштөрү сыяктуу көп сандаган өлкө менен Дүйнөлүк Соода Уюмунда (ДСУ) доолашкан абалда экенин айткан Пекжан: «Бүгүнкү күндө АКШны ДСУга даттанган өлкөлөрдүн арасында ЕБ, Кытай, Норвегия, Швейцария, Индия орун алды. АКШ эми болсо бир беткей түрдө Иран менен жетишилген макулдашуудан чыкканын жана эки баскычтуу санкция киргизе турганын айтып чыкты. Бул санкциялардын зыяны жалгыз эле Иранга тийбейт. Аймак өлкөлөрүнө да бул санкциялардын таасири тиет. Чынында бул санкциялар АКШнын фирмаларына да таасир этет»,-деп айтты.

АКШнын Түркия үчүн маанилүү соода өнөктөшү болгонуна карабастан жалгыз өнөктөш абалында эместигине басым жасаган Пекжан, Түркиянын башка соода өнөктөштөрүнө, камсыздоочуларга жана альтернативдүү базарларга ээ болгонун баса белгиледи.

Пекжан, АКШнын март айында Түркиядан болот жана алюминий импортуна катары менен 25 пайыз жана 10 пайыздык салык киргизгенин эске салып, ал өлкөнүн бул салыктарды 10-августта 50 пайыз жана 20 пайыз деп эки эселенткенин маалымады.

Министр Пекжан, АКШнын туура эмес процедураларына каршы түрк фирмаларынын укуктарын коргоодон эч качан тартынбай тургандарын жана керектүү жооптуу дароо берүүсүн уланта тургандарын белгилеп өттү.

Болуп жаткандардын түрк лирасына терс таасири убактылуу экенине басым жасаган Пекжан: «Түркия экономикасынын макро динамикалары белгилүү. Жогорку өсүү потенциялына эгедер өлкөбүз. Өтмүш жылдарда болгону сыяктуу, алдыбыздагы жылдарда да жогорку өсүүбүздү улатабыз»,-деп айтты.

Пекжан, Президенттик өкмөт системасына өтүү менен пайда болгон күчтүү түзүлүш аркылуу Түркияга карай экономикалык кол салуулардын эң таасирдүү түрдө ашылып өтө турганын да белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар