Хорватияда чөгүп бараткан Түркиянын жүк ташуучу кемеси куткарылды

Кеме кайрадан сүзө тургандай абалга келтирилди.

993910
Хорватияда чөгүп бараткан Түркиянын жүк ташуучу кемеси куткарылды

Адриятика деңизинде Хорватиянын Жабука аралына жакын жерде чөгүп бараткан Түркиянын желеги илинген жүк ташуучу кеме куткарылды.

Кемеде орун алган 13 кишилик экипаж чыгарылды.

Хорватиянын деңиз иштери, транспорт жана инфраструктура министрлигинин маалыматында, «Хакса» аттуу жүк ташуучу кемесине суу кире баштаганы эртең менен эрте Рижека издөө куткаруу борборуна билдирилгени боюнча Хорватия жана Италияга таандык издөө-куткаруу кемелери менен Бродоспас фирмасына таандык сүйрөгүчтүн окуя болгон жерге барганы билдирилди.

85 метр узундуктагы кеменин 11и Түркия, экөө Индия атуулу болгон 13 кишилик экипажы, Италияга таандык «Валкадореа» аттуу танкер кемесинин жардамы менен куткарылды.

Кеме кайрадан сүзө тургандай абалга келтирилди.



Тектеш кабарлар