«Түрк агымы» долбоорунун Европага жете турган багыты Түркия менен кеңешилүүдө

Владимир Путин, борбор шаар Москвада Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен болгон жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

982761
«Түрк агымы» долбоорунун Европага жете турган багыты Түркия менен кеңешилүүдө

Орусиянын президенти Владимир Путин, «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоорунун Европага жете турган линиясынын багытын Түркия менен тынымсыз кеңешип жаткандарын айтты.

Владимир Путин, борбор шаар Москвада Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен болгон жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Борисов менен болгон жолугушууда «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоору да каралганын айткан Путин: «Долбоордо Европага жете турган линиянын багытын Түрк өнөктөштөрүбүз менен тынымсыз кеңешүүдөбүз. Болгария дагы бул жердеги альтернативалардан бири болуп саналат. Президент Режеп Таййип Эрдоган да мурдагы күнкү телефондогу сүйлөшүүбүздө муну тастыктады. Түрк жана болгар досторубуз менен бул туурасында так иштешип жатабыз»,-деди.

«Түрк агымы» долбоору аркылуу Европага ташыла турган газ тууралуу деталдардын берки өткөрүүчү пункттардын жалпы абалына байланыштуу экенин айткан Путин: «Бул деталдар Европа базарына энергетика булактарын камсыздаган бардык өткөрүүчү пунктардын жалпы абалына байланыштуу. Украина аркылуу газ өткөрүү же «Түндүк Агым 2» долбоору тууралуу темалар дагы деле ачык»,-деп айтты.

Борисов да «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоорунда экинчи багыттын Болгарияга жетикрилишин каалагандарын белгилеп, «Путин, президент Эрдоган менен болгон сүйлөшүүсүндө «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоорунун Болгарияга жеткирилиши пикирине эч ким каршы чыкпаганын айтты»,-деп айтты.

Орус газын Түркияга, Түркия аркылуу Еропага жеткире турган «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру долбоорунун ар бири жылдык 15,75 миллиард метр кубдук көлөмгө ээ эки багыттан турат.

Долбоордо экинчи багыттын илгерилетилиши үчүн баа берилген багыттардын арасында Греция же Болгария орун алат.



Тектеш кабарлар