Түркия менен Газпромдун ортосунда «Түрк агымы» долбоору боюнча келишимдерге кол коюлду

Газпромдун маалымдаганына караганда «Түрк агымы жаратылыш газ кууру» долбоорунда Европага жете турган багыттын кургактык бөлүгүндөгү курулуш үчүн Түркия өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен протоколго кол койгондору белгиленди.

979846
Түркия менен Газпромдун ортосунда  «Түрк агымы» долбоору боюнча келишимдерге кол коюлду

Түркия менен Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун ортосунда уланган арбитраждык сот процессинин соңуна чыгарылышына жана «Түрк агымы» долбоорунун экинчи багытына байланыштуу келишимдерге кол коюлду.

Газпромдун маалымдаганына караганда «Түрк агымы жаратылыш газ кууру» долбоорунда Европага жете турган багыттын кургактык бөлүгүндөгү курулуш үчүн Түркия өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен протоколго кол койгондору белгиленди.

Протоколго кошумча түрдө Газпром жана БОТАШтын ортосунда куурдун курулушуна карай кадамдардын ташталышын кайсыздай турган шарттар белгиленген келишимге да кол коюлганы баса белгиленип, келишимге караганда багыттын кургактык бөлүгүндөгү курулуш үчүн Түрк агымы газ ташуу акционердик коому аттуу биргелешкен фирмалар тобу курула турганы билдирилди.

Жарыяда айрыкча БОТАШ жана Газпром экспорттун түрк кардарына камсыздалган Орусиянын жаратылыш газынын баасы боюнча уланып жаткан арбитраждык түшүнүшпөстүктүн, соттон тышкары чечилиши үчүн документтерге кол койгону жана арбиртаждык процесстин жакынкы убакта соңуна чыгарыла турганы айтылды.



Тектеш кабарлар