Түрк кемеси Суданда электр энергиясын өндүрүүдө
Түркия тажрыйбаларын Африка менен бөлүшүүдө.
![Түрк кемеси Суданда электр энергиясын өндүрүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b3a6/2e17/e6ea/5b03ef5580979.jpg?time=1718746760)
Түрк энергетика кемеси Суданда электр энергиясын өндүрө баштады.
Карадеңиз Холдингдин өнөктөшү Karpowership комниясына таандык «Powership Rauf Bey» аттуу энергетика кемеси, Суданда электр энергиясын өндүрүп жатат.
Бул ишкана, Түркиянын энергетика технологиялары тармагындагы тажрыйбаларын Африка менен бөлүшүүдө.
180 мегаватт көлөмдүү кеме, Судан Thermal Power Generating Company менен кол коюлган электр энергиясын сатып алуу келишиминин алкагында улуттук түйүнгө электр энергиясын өткөрүүдө.
Судан менен түзүлгөн кызматташтык Гана, Мозамбик, Замбия, Гамбия жана Сьерра-Леонедеги долбоорлордон кийин Karpowership компаниясынын Африкадагы алтынчы долбоору болуп саналат.
Karpowership, андан ары өсүп-өнүгүү үчүн глобалдык энергетика кемесинин ишин илгерилетүүгө умтулуп, материктеги иш-аракеттерин кеңейтүүнү уланмакчы.
Karpowership тарабынан Суданды электр энергиясы менен камсыздоо максатында өткөн айда келишимге кол коюлгандыгы маалымдалган болчу.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718746760)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.