Түрк кемелерине европалыктар кызыгышат

Түркия сапаттуу жана заманбап кемелерди өзү курат.

976552
Түрк кемелерине европалыктар кызыгышат

Түркия кеме куруу өнөр жайында дүйнөнү өзүнө багындырды.

Өзгөчө европалыктар кеме сатып алууда жана баа атаандаштыгы жагынан Түркияны тандашууда.

Ялова менен Алтыновадагы кеме куруучу жайларда акыркы жылдарда Норвегиядан чоң талап бар.

Айрым ишканалардагы заказдар 2022-жылга чейин толуп калды.

10 жылдан ашуун убакыттан бери кеме куруучу жайларга болгон инвестициялар уланган Алтынова аймагында учурда 37 ишкана бар.

Бул кеме куруучу жайларда Норвегия, Исландия, Бельгия, Нидерландия, Франция, Дания, Германия жана Италия сыяктуу дүйнөнүн эң маанилүү деңиз иштери менен алектенген өлкөлөрүнө сапаттуу, наркы жогору турган кемелер курулууда.

Технологиясы абдан жогору болгон дүйнөдөгү эң ири паромдор, Offshore кемелери, өтө маанилүү балыкчы кемелери, деңиздеги мунай издөөлөрдө колдонулган атайын формадагы кемелер, буксирлер Яловада курулууда.

Европалык операторлор, кеме сатып алууда өзгөчө сапаты жана баасы жагынан Түркияны тандашат. Бул кемелер өлкөгө валютанын кириши жагынан экономикага чоң салым кошууда.


Этикеткалар: #кеме куруу , #паромдор

Тектеш кабарлар