Түрк туризминде быйыл рекорддор коюлат

Туризм тармагында Анкаранын орду кандай?

953331
Түрк туризминде быйыл рекорддор коюлат

Туризмде быйыл рекорддун үстүнө рекорд коюлат.

Анадолу туризм операторлору коомунун Башкаруу Кеңешинин төрагасы Бирол Акман, отелдердин эмитеден эле толо баштаганын белгилеп: «Туризмде быйыл рекорддун үстүнө рекорд жаратабыз, 40 миллион турист, 30 миллиард долларлык киреше күтүүдөбүз»,-деди.   

Бирол Акман туризм секторуна карай күтүүлөргө жана Анкаранын бул тармактагы ордуна баа берди.

Туризм секторунун быйыл өткөн жылга салыштырмалуу жакшы болушун күткөндөрүн айткан Акман, брондоолордун уланганын билдирди.

Немис, орус жана араб туристтердин Түркияны тандагандарын айткан Акман, быйыл 6 миллион германиялык, 6 жарым миллион орусиялык туристтин Түркияга келээрин күткөндөрүн сөз кылды.

Акман, Анкаранын да жарманке жана саламаттык сактоо туризми менен алдыңкы планда экенине көңүл буруп: «Анкаранын Полатлы Гордион, Анадолу цивилизациялар жана Республика музейи сыяктуу кыдырып көрүүчү көптөгөн тарыхый жерлери бар. Булардан тышкары термалдык туризм бар. Аяш, Кызылжахамам, Бейпазары жана Хаймана бул тармакта алдыңкы планга чыккан жерлер болуп саналат. Хаймананын суусу дүйнөдө биринчи орунда турат. Биз дагы буларды соодалап термалдык туризмди Анкарага тартууну каалайбыз»,-деди.

 



Тектеш кабарлар