Түрк аба жолдору рекордго жетти
Түрк аба жолдору жылдын биринчи 3 айында 17 миллион жүргүнчү ташыды.
![Түрк аба жолдору рекордго жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ab9b/dd87/b7ae/5a990779b8397.jpg?time=1718733620)
Түрк аба жолдору жылдын экинчи чейрегинде жүргүнчү санында рекордго жетти. Түрк аба жолдору 2018 - жылдын биринчи үч айында 80, 5 пайыз менен тарыхынын эң жогорку биринчи чейрегине жетишти.Ушундайча түрк аба жолдору жылдын биринчи 3 айында 17 миллион жүргүнчү ташыды. Март айында болсо өткөн жылдын ошо эле мезгилине караганда бардык аймактарда жүргүнчү санында өсүү болду. Бул өсүү Түндүк Америкада 12 балл, Ортоңку жана Түштүк Америкада 10 балл, Африкада 10 балл жана Европада 5 балл болуп ишке ашты.
Март айындагы жүк ташуу жана почта көлөмүндөгү күчтүү өсүү менен бирге жылдын биринчи чейрегинде жалпы ташылган жүк ташуу жана почта да өткөн жылдын улуш эле мезгилине караганда 38 пайызга артып 312 миң тоннага жогорулады.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718733620)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.