«Түрк агымы» жаратылыш газ долбоору 10-майдан мурда бүтөт

Миллер, Түркия-Орусия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышына катышуу үчүн келген Анкарада журналисттерге маалымат берди.

944006
«Түрк агымы» жаратылыш газ долбоору 10-майдан мурда бүтөт

«Түрк агымы» жаратылыш газ долбоорунун алгачкы багыты 10-майдан мурда бүткөрүлөт.

Орусиянын энергетика фирмасы Газпромдун төрагасы Алексей Миллер, «Түрк агымы» жаратылыш газ долбоорунда курулуштун календар боюнча кетип баратканын белгилеп, «Долбоордо алгачкы багыттын курулушу 10-майдан мурда бүткөрүлөт»,-деди.

Миллер, Түркия-Орусия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышына катышуу үчүн келген Анкарада журналисттерге маалымат берди.

«Түрк агымы» жаратылыш газ долбоорунун биринчи багыты үчүн ушул убакка дейре 827 чакырымдык түтүк орнотулганын белгилеген Миллер: «Долбоордо курулуш календар боюнча жүрүп баратат. Алгачкы багыттын курулушу 10-майдан мурда бүткөрүлөт. Андан кийин жаратылыш газ алуучу терминал жана экинчи багыттын курулушу ишке ашырылат»,-деп айтты.

Орусиянын газын Түркияга, Түркия аркылуу да Европага ташый турган «Түрк агымы» жаратылыш газ куур багытынын ар бири жылдык 15,75 миллиард метр кубдук көлөмгө ээ болгон эки багыттан турат.



Тектеш кабарлар