Дүйнөлүк банктын Түркия тууралуу өсүү божомолу
Йоханнес Зутт, Анадолу агенттигине маалымат берди.
942688
![Дүйнөлүк банктын Түркия тууралуу өсүү божомолу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/29bc/1a89/1d90/5ac1e7af61f6f.jpg?time=1718761412)
Дүйнөлүк банк Түркиянын 2018-2019-жылдарда 4-5 пайыз өсөөрүн көздөөдө.
Дүйнөлүк банктын Түркия боюнча директору Йоханнес Зутт, Анадолу агенттигине берген маалыматында Түркиянын 2017-жылды абдан жакшы өткөргөнүн айтты.
Өкмөттүн инвестиция темасында менчик секторго түрткү болуу үчүн ар түрдүү колдоо көрсөткөнүн белгилеген Зутт, менчик сектордун да буга ушундай эле жооп бергенин жана Түркиянын өткөн жылы жогорку өсүүгө ээ болгонун айтты.
Зутт: «2018-2019-жылдарда Түркияда өсүүнүн 4-5 пайыз болушун күтүүдөбүз»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718761412)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.