Түрк экономикасы Кытайды артта калтырды

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында Ирландиядан кийин экинчи орунду ээледи.

940040
Түрк экономикасы Кытайды артта калтырды

Түрк экономикасы 2017-жылы 7,4 пайыз өсүп Кытайды артта калтырды.

Түркиянын статистика мекемеси, 2017-жылдагы өндүрүш ыкмасы менен эсептелген ички дүң продукциянын көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга караганда, түрк экономикасы өткөн жылы 7,4 пайыз өссө, жылдын акыркы чейрегиндеги өсүү көрсөткүчү 7,3 пайыз болду.

Түркия өсүү ийгилиги менен Кытайды артта калтырып, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында Ирландиядан кийин экинчи орунду ээледи.

Өндүрүш ыкмасына караганда ички дүң продукция 2017-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 19 пайыз өсүп 3 триллион 104 миллиард 907 миллион лира болду.

Босния-Герцеговинага расмий сапар менен барган премьер-министр Бинали Йылдырым, 2017-жылдагы өсүү көрсөткүчтөрүнө баа берип жатып 7,4 пайыздык өсүүнүн жогорку көрсөткүч экенин айтты.

Йылдырым: «Биз үчүн күтүүсүз эмес. Ушундай болоорун бир канча ай мурда эле сүйлөшкөнбүз. Түркия 2018-жылы да улантышы мүмкүн. Туруктуу өсүү үчүн пландарын түзгөн. Өсүү, иш, жумуш менен камсыздоо уланат»,-деди.



Тектеш кабарлар