Түркиядан Сербияга 400 милллион долларлык насыя
Бул каражат инфраструктура долбоорлоруна жумшалат.
![Түркиядан Сербияга 400 милллион долларлык насыя](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3514/bb9a/1b0d/5ab21bd307faa.jpg?time=1718571640)
Түркия, Сербияга инфраструктура долбоорлорунда колдонуусу үчүн 400 милллион долларлык насыя берди.
Сербиянын соода министри Расим Ляйч, Түрк Эксимбанктын ар түрдүү инфраструктура долбоорлору үчүн 400 миллион долларлык насыя берүүнү бекиткенин айтты.
Белградда кечээ вице-премьер Фикри Ышык менен жолугушкандан кийин маалымат берген Ляйч: «Бул каражаттын колдонулуу шарттарын сүйлөшүп жатабыз. Булар биз үчүн ыңгайлуу шарттар болот деп ойлойм»,-деди.
Ляйч, эки өлкөнүн парламенттеринде бекитилиши күтүлгөн 2017-жылдагы эркин соода келишиминин эки тараптуу соода-сатыкты 2 миллиард доллар деңгээлине жеткирээрин да белгиледи.
Фикри Ышык болсо, түрк компанияларынын Белград менен Босниянын борбор шаары Сараевонун ортосунда курула турган автожол сыяктуу аймактын ири инфраструктура долбоорлоруна кошулууну каалагандарын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, октябрь айында Сербияга сапарында бул өлкөгө жардам жана колдоо көрсөтө турганын убада кылган болчу.