Жакынкы Чыгыштыктардын Түркиядагы турак жайларга болгон кызыгуусу

Түркия Статистика Мекемеси ТҮИКтин маалыматтарына ылайык өткөн жылы андан мурунку жылга караганда чет элдиктерге турак жай сатуу 22, 2 пайызга өстү.

895295
Жакынкы Чыгыштыктардын Түркиядагы турак жайларга болгон кызыгуусу

Түркияда турак жай сатып алган жакынкы чыгыштыктардын эң башында Ирак, Иран, Сауд Аравия жана кувейттитктер турат. Бул өлкөлөрдүн жарандарынан кийин орустар келүүдө.

Түркия Статистика Мекемеси ТҮИКтин маалыматтарына ылайык өткөн жылы андан мурунку жылга караганда чет элдиктерге турак жай сатуу 22, 2 пайызга өстү.

Чет элдиктерге турак жай сатууда биринчи орунду 8 миң 182 турак жай менен Стамбул, экинчи орунда 4 миң 707 турак жай менен Анталья турат. Антальядан кийинки орунду 474 турак жай менен Бурса жана 1079 турак жай сатуусу менен Ялова алды.

Берилген жеңилдиктердин саясында акыркы жылдарда турак жай сатууларына араптардын кызыгуусу абдан чоң. Өзгөчө Сауд Аравия жана кувейттиктердин кызыгуусу барган сайын арткандыгы байкалууда.

 



Тектеш кабарлар