Түрк Эксимбанк менен Таиланд Эксимбанк келишим түздү
Түрк Эксимбанктын жарыясына караганда Түрк Эксимбанк менен Таиланд Эксимбанктын ортосунда 14-ноябрда кызматташтык келишимине кол коюлду.
![Түрк Эксимбанк менен Таиланд Эксимбанк келишим түздү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a0f6/ce8a/7a90/5a0d38a4a1ee0.jpg?time=1718774621)
Түрк Эксимбанк менен Таиланд Эксимбанк, түрк жана таиланддык фирмалардын үчүнчү өлкөлөрдө ишке ашыра турган долбоорлорду биргелеше финансылоо максатында кызматташтык келишимине кол койду.
Түрк Эксимбанктын жарыясына караганда Түрк Эксимбанк менен Таиланд Эксимбанктын ортосунда 14-ноябрда кызматташтык келишимине кол коюлду.
Келишим, Түркия жана Таиланд фирмаларынын үчүнчү өлкөлөрдө жүргүзгөн долбоорлоруна эки мекеме тарабынан биргелешкен финансы камсыздалышы, эки өлкөнүн тең экспортчуларынын пайдалана турган жаңы кызматтардын жаратылуусу, камсыздоо тармагында кызматташтык кылынышы жана эки жактуу маалымат алмашуунун камсыздалышын максаттайт.
Түрк эксимбанктын башкы директору Аднан Йылдырым, бул тема тууралуу баа берүүсүндө келишимдин акыркы мезгилде Түркия менен Таиланддын ортосунда аткарылган жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жагынан маанилүү болгонун белгилеп, «Кол коюлган келишимдин эки өлкөнүн соодасына оң салым кошуусун жана түрк экспортчулардын Таиланддагы капиталын жогорулатуусун күтүүдөбүз»,-деп айтты.
Келишимге Түрк Эксимбанктын башкы директору Аднан Йылдырым кол койду.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718774621)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.