Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны өстү

Түрк аба жолдору өткөн айда былтыркы жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13 пайыздык өсүү көрсөтүп 6 миллион 700 миң жүргүнчү ташыды.

823930
Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны өстү

Авиакомпаниянын билдирүүсүнө караганда, Түрк аба жолдору 2017-жылдын сентябрь айында 6 миллион 700 миң жүргүнчү ташыды. Өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13 пайыздык өсүү көрсөткөн Түрк аба жолдорунун 2015-жылдын сентябрь айына караганда да жүргүнчү саны 17, талапта болсо 21 пайыздык өсүү болду.

Ошондой эле Түрк аба жолдору транзиттик жүргүнчү менен катар чет элдик жүргүнчү санында 30 пайыздык өсүү көрсөттү. 10.3 пайыздык өсүү менен Түндүк Америка, 6.3 пайыздык өсүү менен да Ыраакы Чыгыш эң көп өсүү көрсөткөн аймактар болду.



Тектеш кабарлар