Түрк алчасы биринчи жолу Кытайга экспорттолду
Биринчи этапта 6 тонна алча жөнөтүлдү
![Түрк алчасы биринчи жолу Кытайга экспорттолду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/eff6/2f20/bd21/57b84f80a3c3f.jpg?time=1718802825)
Европа Биримдиги менен катар көптөгөн өлкөгө жөнөтүлгөн түрк алчасы бул жумада биринчи жолу Кытайга экспорттолду.
Алчанын экспорту биринчи этапта 6 тонна болду.
Улудагдагы Жашылча-мөмө жемиштердин экспортчулары биримдигинин төрагасы Сених Йазган, Кытайга алчаны экспорту темасында Азык-түлүк жана мал-чарбачылык министрлиги менен катар бардык өнөктөштөрүнүн 8 жылдан бери кылдат иш жүргүзүп келгенин айтты.
Бул иш-чаралардын оң натыйжа бергенин түшүндүргөн Йазган, жоопкерчиликтерин орундаткан экспортчулар менен бирге алчаны биринчи жолу Кытайга экспорттогондорун айтты.
Йазган Кытайдын түрк алчасы үчүн үмүт берүүчү рынок экенин жана чоң талап күткөндөрүн билдирди.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718802825)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.