Англия бензин жана дизель майларын колдонууга тыюу салат

Англия 2040-жылдан тартып бензин жана дизель күйүүчү майы менен иштеген бардык жаңы каражаттардын сатылышына тыюу салат.

778510
Англия бензин жана дизель майларын колдонууга тыюу салат

“Times”  гезитинин маалыматына караганда, Англиянын баш калаасы Лондондун мэри  Садик Хан, жарандарга эски дизель майы менен иштеген машиналарын жаңы айлана-чөйрөгө зыян тийгизбөөчү каражаттар менен  алмаштыруу үчүн 3 миң 500 фунт  төлөнөөрүн сунуштады.

Өкмөттүн бул демилгеси абанын сапатын жакшыртуу стратегиясынын бир бөлүгү экендиги  белгиленген.

Дизель майынын кесепетинен бөлүнүп чыгуучу көмүр кычкыл газ менен  күрөшүүгө 225 миллион фунттун бөлүнүшү пландалууда.

Англиянын министрлер кабинетинин  бир газетага берген маалыматында: “Сапатсыз аба, Англия калкынын ден-соолугу үчүн чоң экологиялык коркунуч жана өкмөт эң кыска убакытта чечкиндүү кадамдарды таштоо ниетинде”,- деп жазылган.

Расмий маалыматтарга таянсак, Англияда абанын булганышы жыл сайын 50 миң адамдын эрте өлүмүнө себепчи болуп, жыл сайын өкмөттүн казынасын  25,5 миллиард фунтка чыгымга учуратат.

 



Тектеш кабарлар