«Түрк агымы» долбоору боюнча Орусия менен Түркия келишишти

БОТАШтын башкы директору Бурхан Өзжан, «Түрк агымы» долбоорунун Түркия жагынын финансыланышы тууралуу Орусиянын энергетика фирмасы Газпром менен келишим түзүүгө жетишкендерин айтты.

768504
«Түрк агымы» долбоору боюнча Орусия менен Түркия келишишти

«Түрк агымы» долбоорунда Орусия тарап менен келишимге жетишилди.

БОТАШтын башкы директору Бурхан Өзжан, «Түрк агымы» долбоорунун Түркия жагынын финансыланышы тууралуу Орусиянын энергетика фирмасы Газпром менен келишим түзүүгө жетишкендерин айтты.

РИА Новостиге маалымат берген Өзжан, келишимдин катнаштары тууралуу сандарды жарыялай тургандарын белгилеп, «Түрк агымы» долбоорунун экинчи кууру үчүн уруксат алуу процесси оң жүрүп жатканын, эч бир тоскоолдук жок экенин түшүндүрдү.

Түрк агымы куурунун Түркияга киришинин чоң ыктымалдуулук менен Фракиядагы Кыйыкөйдө боло турганын айткан Өзжан, иштердин деңиз жана кургактыкта уланганын белгилеп кетти.

Европага жаратылыш газын Украина аркылуу саткан Орусия, бул өлкө менен 2014-жылы дуушар болгон маселелерден кийин альтернативалык жол издөөгө киргенде «Түрк агымы» долбоору күн тартипке келген.

«Түрк агымы» жаратылыш газ кууру, Орусиянын газын Кара деңиздин астынан өтүп Түркияга жеткирет жана бул жерден Греция аркылуу Европага ташууну көздөйт.



Тектеш кабарлар