Түркия камсыздоо коопсуздугуна салым кошо турган бардык долбоорлорду колдойт

Энергетика жана жаратылыш ресрустары министри Берат Албайрак, 22-Дүйнөлүк мунай зат конгрессинин алкагында Стамбулда өткөрүлгөн Dewhurst сыйлык аземине катышты.

767696
Түркия камсыздоо коопсуздугуна салым кошо турган бардык долбоорлорду колдойт

Энергетика жана жаратылыш ресрустары министри Берат Албайрак, Түркиянын тынчтыкка, өнүгүүгө жана камсыздоо коопсуздугуна салым кошо турган бардык долбоорлорду колдоосунун улана турганын белгилеп, «Энергетика үчүн ачкыч өлкө-Түркия ураанын, өзөк катары белгиледик»,-деди.

Албайрак, 22-Дүйнөлүк мунай зат конгрессинин алкагында Стамбулда өткөрүлгөн Dewhurst сыйлык аземине катышты.

Албайрак, 9 ай мурда болгон 23-Дүйнөлүк энергетика конгрессинен кийин кайрадан Стамбулда ири инвесторлордун чогулуусун камсыздаган Дүйнөлүк мунай зат конгрессинин «Мунай зат жана газ индустриясынын олимпиадасы» катары мүнөздөгөнүн айтты.

Бул конгрессте мунай зат жана газ индустриясы тууралуу бир топ теманы жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрдү сүйлөшүү үчүн атайын ыңгай боло турганын айткан Албайрак, акыркы жылдарда мунай зат жана газ индустриясына салынган инвестициялардын азайганына карабастан алдыбыздагы жылдарда бул индустриянын маанисинин улана турганын айтты.

Түркиянын энергетика секторуна жана инвестицияларына байланыштуу маанилүү маалыматтарды берген Албайрак, энергетика секторунда ылдам талап өсүүсү болгонун жана акыркы 15 жылда электр энергиясындагы курулган кубаттуулуктун үч эселенгенин түшүндүрдү.

Албайрак бул мезгилде орто эсеп менен 5 пайыздык экономикалык өсүү камсыздалганын жана Түркиянын экономомикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмуна мүчө өлкөлөрдүн арасында лидерге айланганын баяндады.

Бул ылдам өсүү камсыздоо коопсуздугун белгилөө жана жетилсе боло турган базар түзүү үчүн инвестицияга муктаждыгы болгонун баса белгилеген Албайрык: «Түркия өзгөчө мунай зат жана жаратылыш газ издөө жана өндүрүү иш-аракеттерин, инвестицияларын арттырууну максатоодо. Жер Ортолук деңиз жана Кара деңизде мунай зат жана жаратылыш газ издөө иш-чараларына багытталуудабыз. Учурда Жер Ортолук деңизде сейсмикалык изилдөө иш-аракеттерин аткарыш үчүн тынымсыз иштеп жатабыз. Ушундай эле иш-аракттерди Кара деңизде да аткарууну каалайбыз. Жер Ортолук деңиз жана Кара деңизде изилдөө иш-аракеттерине багытталдык. Сейсмикалык иштерибизге багытталдык. Буларды утурлай өнүккөн изилдөө жана бургулоо иштерин актарабыз. Ушундайча камсыздоо коопсуздугуна салым кошобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар