Араб инвесторлордун тандоосу Түркия
Арабиялык инвесторлор Түркияга инвестиция салуусун улантууда
Салым кошуучусу катарлык болгон түрк компаниясы QT Холдингддин башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Абдуллатиф Аль Мээр «Форум Стамбул-2017» программасына катышып сөз сүйлөдү.
Түркиянын потенциялына ишенгендерин жана быйыл Түркияга 20-30 миллион доллардан ашуун инвестиция сала тургандарын баса белгилеген Мээр, келечекте бул инвестицияларынын көлөмүнүн көбөйө турганын билдирди.
Абдуллатиф Аль Мээр, араб инвесторлордун Түркияга инвестиция салуусун улантканын айтты.
Жеке ишкер же мекемелердин инвестиция салууга чечим чыгарганда бир гана өлкөгө инвестиция салбаганын белгилеген Аль Мээр: «Арабиялык инвесторлор Түркияга инвестиция салууну каалашат. Алар мындан чоң үлүш алышат»,-деди.
Аль Мээр инвестиция салуу чечимдеринин узун мөөнөттүү жана стратегиялык экенин да баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.