Cтамбул биржасы жаңы рекордго жетишти

Эркин базарда бир Америка доллары 3 лира 58 куруштан, евро болсо 3 лира 92 куруштан сатылууда.

720474
Cтамбул биржасы жаңы рекордго жетишти

Стамбул биржасы бүгүн күндү 94 миң 635 балл менен баштап,жаңы рекорддук көрүнүшкө жетишти.

Стамбул биржасы кечээки күндү 832 баллга жогорулап 94 миң  635  балл менен жапты. 

Акциялардын баасы бир күндө орто эсеп менен 0,89 пайызга жогорулады.

Эркин базарда бир Америка доллары 3 лира 58 куруштан, евро болсо 3 лира 92 куруштан сатылууда.

Облигация жана вексель базарларында көрсөткүч облигациянын бириккен пайызы болсо 11,32 пайыз деңгээлинде. Эл аралык базарларда алтындын унций баасы 1264 доллар, ал эми Капалычаршыда "Жумурият" алтыны 982 лирадан сатылууда.



Тектеш кабарлар