Желим баштыктарга жаңы жылдан тарта тыюу салынат

Желим баштыктар экологияга жана адамдардын ден-соолугуна өтө зыян

701077
Желим баштыктарга жаңы жылдан тарта тыюу салынат

Азык-түлүк дүкөндөрү жана соода борборлорунда 2018-жылдын 1-январынан тарта желим баштыктарга тыюу салынат.

Түркиянын Соода түйүндөрү федерациясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Мустафа Алтунбилек тыюу салуунун Экология жана шаар пландоо министрлигинин таштандылар жобосунун алкагында киргизиле турганын белгилеп: «Соода кылууда кардарларыбызды сетка жана чүпүрөк баштык колдонууга багыттайбыз»,-деди.

Алтунбилек таштандыда чирибеген, улуттун келечегине жана адам баласына коркунуч алып келген желим баштыктардын акы төлөнүп колдонулушуна карата мыйзамдык түзөтүүнүн 2018-жылдын башында ишке ашаарын белгилеп, мунун АКШ жана көптөгөн Европа өлкөсүндө ийгиликтүү аткарылып жатканын айтты.

Желим баштыктардын экологияга жана адамдардын ден-соолугуна тийгизген зыяндарын жарандарга түшүндүрө тургандарын айткан Алтунбилек, жергиликтүү дүкөндөр катары кардарларына ар түрдүү жеңилдикти камсыздай тургандарын, жаңы өтүп жатканда картон же чүпүрөк баштыктарды белек кыла тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар