Түркияда саламаттык сактоо туризми өнүгүүдө

Түркия саламаттык сактоо туризминде жаңы кадамдарды таштоосун улантууда.

701401
Түркияда саламаттык сактоо туризми өнүгүүдө

Саламаттык сактоо тармагына жасалган инвестициялар жемишин бере баштады.

Түркия саламаттык сактоо туризминде жаңы кадамдарды таштоосун улантууда.

Борбор калаа Анкарада өткөрүлгөн «Түркия-Украина саламаттык сактоо туризмин алуу тобунун программасы» менен эки өлкө саламаттык сактоо тармагында кызматташтык кылат.

Экономика министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн долбоор аркылуу саламаттык сактоо туристинин мындайча айтканда ден-соолугун текшерткени келгендердин саны арттырылышы максатталууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин кеңешчиси Эргинер Бирдал, Түркиянын эки тараптуу карым-катнаштары жакшы болгон Украинадан Түркияга саламаттык сактоо туристинин агымын арттырууну көздөгөндөрүн айтты.

Эргинер Бирдал, 2023-жыл максаттарында саламаттык сактоо туризми жагынан оорукана шаарчаларынын да маанисинин зор болоорун белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар