Чет элдик фирма ээлери Түркияны түшүндүрдү

Эл аралык фирмалардын жогорку башкаруучулары, инвестицияларынын Түркияда улам өсүп уланганын белгилешти.

701076
Чет элдик фирма ээлери Түркияны түшүндүрдү

Түрк экономикасына ишенимдердин толук экенин айткан эл аралык фирмалардын жогорку башкаруучулары, инвестицияларынын улам өсүп уланганын белгилешти.

Samsung Electronics Түркия боюнча директору Дэ Хен Ким, Түркияга келечек үчүн инвестиция салгандарын, келечекке даярдангандарын айтып, жаңы дүкөндөрдү ачкандарын, мунун болсо жаңы жумуш мүмкүнчүлүктөрүн түзгөнүн айтты.

Ким, бир топ тармакта инвестиция максаттары бар экенин белгилеп: « Түрк базары орто жана узун мөөнөттүү потенциялга ээ. Узун мөөнөттө Түркиянын экономикасынын дагы жакшы боло турганын ойлоодобуз. Ушул себептен инвестиция салып жатабыз. Инвестиция салышыбызды да улантабыз»,-деди.

Түркияда чоң жаш муун бар экенин, фирмалары үчүн мунун чоң мааниге ээ болгонун белгилеген Ким, жаш калкы бар жана start-up фирмаларды өлкө колдогонун, өздөрүнө кайрылган жаш демилгечилерди да колдой баштагандарын белгилеп кетти.

Nestle Түркия боюнча башкаруу кеңешинин төрагасы жана жогорку жетекчиси Феликс Аллеманн да «фантастикалык» өлкө болгон Түркиянын абдан сонун жайгашууга ээ болгонун жана абдан өнүккөн экономикасы бар экенин айтты.

Аллеманн Түркияда 108 жылдан бери ишин жүргүзгөндөрүн эске салып: «Биз 108 жылдан бери Түркияга инвестиция салуудабыз. Салышбызды да улантабыз. Келечекте өтмүшкө караганда дагы көп инвестиция жасайбыз»,-деди.

Түркияда 2 жылдан бери жашаганын жана абдан бактылуу болгонун айткан Аллеманн, өзүн түрк сыяктуу сезгенин айтты.

Novartis Түркия боюнча төрагасы Питер Каталино болсо Түркияда жыл сайын инвестицияларын арттыргандарын, өткөн жылы Түркияга орто эсеп менен 20 миллион доллардык инвестиция салгандарын маалымдады.

Каталино Түркиядагы 4 ишканасы менен Novartis ичинде глобалдык өлчөмдө маанилүү өндүрүш жери болгондорун, бул ишканаларда өндүрүп чыгарган кошумча наркы жогору дарылар менен Түркиянын жогорку технологиялуу өндүрүшүнө салым кошкондорун айтты.

Питер Каталино алдыбыздагы мезгилде Түркия менен бирге өсүү максатында дагы көп инвестиция кыла тургандарын белгилеп кетти.

Каталино: «Түркиянын экономикалык жактан узун мөөнөттө жакшы иштерди кыла турганына ишенемин. Түркияга жана түрк адамына ишенемин. Бул жерден кетпейбиз жана бул жерде көпкө чейин болобуз»,-деп айтты.

Hyundai Assan төрагасы Мунг Хайан Яун, түрктөр дос жандуу болгонун айтып, Түркия өзүнүн экинчи үйү болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар