Түркия уюлдук телефон менен сүйлөшүүдө Европанын лидери
Түркияда орто эсеп менен 74,5 миллион мобилдик абонент бар.
Түркия жылдын үчүнчү чейрегинде айлык 436 мүнөт уюлдук телефон колдонуу мөөнөтү жана орто эсеп менен 257 мүнөт уюлдук телефондо сүйлөшүү мөөнөтү менен Европада лидерлигин улантууда.
Информатика технологиялары жана байланыш мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда жылдын үчүнчү чейрегинде Түркияда орто эсеп менен 74,5 миллион мобилдик абонент бар.
Туруктуу жана мобилдик телефон трафиги жылдын үчүнчү чейрегинде 64 миллиард мүнөттөн ашса, мунун 62,1 миллиард мүнөтү мобилдик линиялардан болгон сүйлөшүүлөр, ал эми 2,1 миллиард мүнөтүн болсо туруктуу телефондон болгон сүйлөшүүлөр түзөт.
Айрым Европа өлкөлөрү менен айлык мобилдик колдонуу мөөнөттөрү салыштырылганда Түркиянын эң көп мобилдик сүйлөшүүсү болгон өлкө болгону көрүндү.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718737780)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.