ЕБ менен Канаданын ортосундагы келишим орундалабы?

Бейшемби күнү боло турган ЕБ-Канада саммити да бүдөмүккө түштү.

597019
ЕБ менен Канаданын ортосундагы келишим орундалабы?

 

Европа Биримдиги менен Канаданын ортосундагы «Транс Атлантикалык» эркин соода келишими Бельгиянын Валлония аймагынын каршы чыгуусуна такалды.

Мындай болгон учурда бейшемби күнү боло турган ЕБ-Канада саммити да бүдөмүккө түштү.

Бельгиянын француз тилинде сүйлөшүлгөн Валлония аймагы, Европа Биримдигинин Канада менен «Эркин соода аймагы» келишимине кол коюшуна экология, кардар жана иштөө стандарттарын төмөндөтө турганы себеби менен каршы чыгууда. Аймактын жооптуу кызматкерлери келишимдин өзгөчө чет элдик фирмалардын үй ээси өкмөттөрдү сотко берүү өкүмүнө каршы чыгууда, фирмалардын саясаттарын саясий башкаруучуларга буйрук кыла турганынан санааркап жатышат.

Бельгия өкмөтүнүн болсо бардык аймактар кабыл алмайынча бул келишимге кол коюу укугу жок.

ЕБ да бирдей пикир түзүлбөстөн Канада менен келишимге кол кое албайт.

ЕБ комиссиясынын төрагасы Дональд Туск, саммиттин дагы эле өткөрүлө ала турганын, чечим табыш үчүн убакыт бар экенин айтты.

Канада менен кол коюлушуна аракет кылынган эркин соода келишими тараптардын бажыларды эки жактуу түрдө жоюшун көздөйт.

Келишимдин ЕБне жылына 12 миллиард евро, Канада экономикасына да 9 миллиард доллар салымы боло турганы жакталган. Брюссель, Канада менен катар АКШ жана Япония менен эркин соода келишимине кол коюуну максаттап жатат.



Тектеш кабарлар