Орусия-Түркия биргелешкен фонду эмне ишке жарайт?

Алгачкы баскычта 500 миллион доллардан салынып 1 миллиард доллардык капитал чогултулат.

586523
Орусия-Түркия биргелешкен фонду эмне ишке жарайт?

Түркия-Орусия карым катнаштарынын ылдам түрдө оңолушуна карата маанилүү келишимге кол коюлду.

Биргелешкен инвестиция фондунун түзүлүүсү жөнүндөгү биргелешкен билдирүүгө 2 өлкөнүн экономика министрлери тарабынан Стамулда кол коюлду.

Экономика министри Нихат Зейбекчи, Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев менен Стамбулда жолугушту. Бул эки министрдин акыркы 3 айда төртүнчү жолугушуусу болду.

Зейбекчи, Түркия жана Орусиянын ортосундагы бардык соода-сатык темалары каралган Кошмо экономикалык комиссиянын да кайрадан иштей баштаганын айтты.

Түркия менен Орусиянын ортосунда биргелешкен инвестиция фондунун түзүлүүсүнө чечим чыгаргандарына токтолгон Зейбекчи: «Орусиянын инвестиция фонду менен бирге, Түркия фонду, Түркия жана Европа инвестиция фонду жолугушат. Алгачкы баскычта 500 миллион доллардан салынып 1 миллиард доллардык капитал чогултулат. Кийин муктаждык болгондо дагы көбүрөөк кошулат. Бул кадамдар тарыхый мааниге ээ»,-деди.

Зейбекчи, Түркиядан бара турган жаңы мөмө жемиштерге коюлган  тоскоолдуктардын да жакынкы убакта жоюла турганын үмүт кылгандарын айтты.

Орусиянын экономика министри Алексей Улюкаев болсо биргелешкен фонддун иш дүйнөсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк болоорун айтты.

Улюкаев: «Соодалык карым-катнаштардын кайрадан биз каалаган деңгээлге келиши үчүн аткарылышы керек болгондор темасында маанилүү келишимге кол койдук. Кызмат сектору, инвестиция, транспорт, туризм, буларга байланыштуу өткөргөн жолугушууларыбыз абдан ачык жана чынчыл өттү. Өзгөчө биргелешкен инвестиция фондунун, иш дүйнөсүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдү суна турганын ойлоодомун»,-деди.



Тектеш кабарлар