Грецияда «Түрк агымы» долбоору сүйлөшүлдү

Үч министр «Түрк агымы» долбооруна байланыштуу пикир алмашышты

569056
Грецияда «Түрк агымы» долбоору сүйлөшүлдү

«Түрк агымы» долбоору үчүн Грецияда орчундуу жыйын өткөрүлдү.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас, Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович жана энергетика министри Александр Новак менен Салоникиде жолугушту.

Премьер-министрликтен маалымдалгандай үч министр, 81-Салоники эл аралык жарманкенин ачылышынын алдында чогулду.

Жыйында, кайрадан күн тартипке коюлган «Түрк агымы» долбоорунун Грецияга узартылышына байланыштуу пикир алмашылганы белгиленди.

Газпромдун жетекчиси Алесей Миллер «Түрк агымы» долбоорунун Түркия аркылуу Греция чек арасына узартылып, ушундайча Европага жаратылыш газ жеткирилсе болоорун сөз кылган эле.



Тектеш кабарлар