АКШ Сауд Арабияга курал-жарак сатат

АКШнын Мамлекеттик департаменти Сауд Арабияга жалпы суммасы 1 миллиард 150 миллион долларга танка жана аскердик курал-жарактарын сатууну бекитти.

549350
АКШ Сауд Арабияга курал-жарак сатат

Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти Сауд Арабияга жалпы суммасы 1 миллиард 150 миллион долларга танка жана аскердик курал-жарактарын сатууну бекитти.

130дан ашуун "Абрамс" согуш танкасы менен 20 зооттолгон унаа, көптөгөн пулемет жана башка аскерий курал-жарактар 1млрд 150 миллион долларга сатылгандыгы  АКШнын Коргоо жана коопсуздук кызматташтык агенттиги тарабынан тастыкталды.

Билдирүүдө  АКШнын стратегиялык аймактык өнөктөшүнүн коопсуздугун жогорулатуу максатын жана эл аралык коопсуздукка да салым кошууну көздөгөндүгү тууралуу айтылып, АКШ жана Сауд Арабиянын куралдуу күчтөрүнүн биргеликте иш алып баруусу арттырыла турганы белгиленген.  

Ошондой эле,  АКШ Конгрессинин курал-жарак сатылгандыгы тууралуу маалыматы бар экендиги айтылып, бул сатыш жана көрсөтүлгөн көмөк  аймактагы жалпы аскерий абалды өзгөртпөй тургандыгы белгиленди.

Конгресстин аскердик жабдуулардын сатылышы боюнча 30 күндүн ичинде арыздануу укугу бар.



Тектеш кабарлар