Эң көп акча тапкан атактуулар

«Форбс» журналы жылдын эң көп акча тапкан атактууларынын тизмесин жарыялады.

527963
Эң көп акча тапкан атактуулар

Акыркы альбому «1989» менен 170 миллион доллардык киреше тапкан атактуу ырчы Тейлор Свифт жылдын эң көп акча тапкан атактуусу болду.

Американын экономикалык «Форбс» журналы жылдын эң көп акча тапкан атактууларынын тизмесин жарыялады.

Бул журнал агенттиктер, менеджерлер жана продюсерлер менен сүйлөшүп даярдаган тизмеде англиялык музыка тобу «One Direction» экинчи орунду ээледи. Луи Томлинсон, Гарри Стайлс, Лиам Пейн жана Найл Хорандан турган топтун кирешеси 110 миллион доллар. Бул топтун өткөн жылы чыккан «Made in the A.M» аттуу альбому дүйнө жүзүндө 2,5 миллион сатылган болчу.

Триллер романдары менен атактуу болгон жана АКШда бир күндө сатылган ар бир 17 томдук китептин биринин жазуучусу катары кабыл алынган Жеймс Паттерсон болсо 95 миллион доллар кирешеси менен үчүнчү болду.

«Форбс» журналы даярдаган эң көп акча тапкан 10 атактуунун тизмесинде куудул Д-р Фил Макгроу, футболчу Криштиану Роналду менен Лионель Месси, ырчы Адель, куудул Кевин Харт жана радио алып баруучусу Говард Стерн да бар.



Тектеш кабарлар