Зейбекчи Улюкаев менен жолугушат

Жолугушууда эки тараптуу соода-сатык жана экономикалык алакалар каралмакчы.

521720
Зейбекчи Улюкаев менен жолугушат

Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи менен Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев, Кытайда өтө турган Чоң жыйырмалыкка мүчө өлкөлөрдүн соода министрлеринин жыйынында жолугушат.

Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, 9-10-июлда Кытайдын Шанхай шаарында өтө турган жыйындын алкагындагы жолугушууда эки тараптуу соода-сатык жана экономикалык алакалар каралмакчы.

Ошондой эле дүйнөдөгү экономикалык жагдайлардын да сүйлөшүлө турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар