Түркия жоомарт өлкө

Түркия өткөн жылы эң көп гуманитардык жардам көрсөткөн экинчи өлкө болду.

520009
Түркия жоомарт өлкө

Түркия өткөн жылы эң көп гуманитардык жардам көрсөткөн экинчи өлкө болду.

Премьер-министрликке караштуу Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын билдирүүсүндө, жыл сайын гуманитардык жардамдардын көрсөткүчүн белгилеген Англиядагы Өнүгүү демилгелеринин отчетуна караганда, биринчи орунда болсо АКШнын турганы билдирилди.

Буга ылайык 2015-жылы эң көп эл аралык жардам көрсөткөн өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунду Түркия ээлесе, андан кийин Англия, Европа Биримдигинин уюмдары жана Германия турат.

Түркиянын 2014-жылдагы жардамдарынын көлөмү 1,6 миллиард доллар болсо, өткөн жылы бул сан эки эсе көбөйүп 3,2 миллиард долларга жетти.

Түркия 2015-жылы улуттук кирешесинин 0,37 пайызын гуманитардык жардамдар үчүн бөлдү жана акыркы эки жылдагыдай эле быйыл да «дүйнө жүзүндөгү эң жоомарт өлкө» болду.

Ошондой эле 2014-жылдагы жардамдарынын көлөмү 25,1 миллиард доллар болсо, 2015-жылы бул сан 28 миллиард долларга жетти.

Түркиянын 3,2 миллиард доллардык гуманитардык жардамы өткөн жылы дүйнө жүзүндөгү жардамдардын 11 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар