Автомобиль өнөр жайынын экспорту өстү

Автомобиль өнөр жайы Түркиянын экспорттогу лидери болуп саналат

504704
Автомобиль өнөр жайынын экспорту өстү

Түркиянын экспорттогу лидери автомобиль өнөр жайы, май айында акыркы 3 жылдын эң жогорку экспорт өсүшүнө жетти.

Автомобиль экспорту май айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 34 пайыз өсүп орто эсеп менен 2 миллиард доллар болду.

Сектордун эң ири рыногу болгон Германияга экспорт 24 пайызга көбөйсө, Италияда 98 пайыз жана Францияда 76 пайызга жетти. Бул өлкөлөргө экспорт көрсөткүчтөрүндө, жүргүнчү жана жүк ташуучу унааларда 200 пайызга чейин жеткен өсүү болду.

Экспорттон 78 пайыздык үлүш алган Европа Биримдиги өлкөлөрүнө болгон экспорт май айында 43 пайыздык өсүү менен 1 миллиард 564 миллион долларга жетти.



Тектеш кабарлар