Түркиянын жаңы көз карашы-17

Түркиянын социалдык саясатына баа берүү.

481897
Түркиянын жаңы көз карашы-17

Түркиядагы саясий талаштардын эң башкы темаларынын  бири да социалдык саясат болуп саналат.

Калк  катмарынын арасындагы киреше  боюнча теңсиздик айырмачылыгын жоюш үчүн бүткүл дүйнөдө социалдык саясат барган сайын чоң мааниге ээ болуп баратат.

Социалдык саясат негизинен мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коргоо үчүн даярдалган  долбоорлор аркылуу жүргүзүлөт. Учурда өлкөлөр адамдардын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча ар кандай социалдык саясатты иштеп чыгууда.

Европа өлкөлөрү  башка мамлекеттерге  караганда негизги өзгөчөлүктөрү- бул социалдык мамлекет болууга умтулуусу  болуп саналат.

Жакырчылык чегинде жашаган улгайган адамдарды социалдык жактан камсыз кылып, алардын азык-түлүк, отун-суусуна чейин камсыздалуусун жана ар кандай муктажыгын чечүү мамлекеттин бирден бир милдети.

Түркия акыркы убакта бул тармакта абдан маанилүү иштерди аткарды. Булардын башында саламаттык сактоо тармагындагы реформа турат. Социалдык жардамдар үчүн бюджеттен бөлүнгөн үлүш системалуу түрдө  көбөйүүдө.

Ал эми муну менен кошо айрым социалдык каржылоонун алкагында социалдык жардамдарга бөлүнгөн каражаттын көбөйүшү, жакырчылыктын  өсүшү жана жакырлардын  санынын артышы катары сереп салынууда.

Чындыгында социалдык жардамдардын башкы максаты- муктаж болгондордун ар түрдүү талаптарынан улам келип чыккан укуктук жактан кемчиликтерди жоюу жана жакырчылыкты азайтуу болуп саналат.

Учурда Европа өлкөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан социалдык саясат,  социалдык коргоо укуктары, Түркияда 2002-жылдан баштап турмушка ашырыла баштады. Себеби,   мурунку жылдары бул мамлекеттеги экономикалык кыйынчылыктар менен түшүндүрүлөт.

Экономикадагы өсүштөн  кийин  коомчулуктун ар кандай катмары социалдык коргоого алына   баштады. Калктын жакыр катмарына ар түрдүү жардамдар берилип,  аларды тейлөө жакшырды.

 Учурда шарттуу накталай акча жардамдары, мындайча айтаканда балдардын билим алууларын улантуулары үчүн жана жаңы төрөлгөн балдар үчүн саламаттык сактоо жардамдары, улгайгандарга, жолдошу кайтыш болгон аялдарга жөлөк пул, муктаж болгондорго азык-түлүк жардамы, күйүүчү отун же баш калкалоочу жай жардамы сыяктуу  социалдык  жардамдар берилүүдө.

Экономикалык кризис мезгилинде чындыгында социалдык каржылоодо өксүктүк билинди. Тилекке каршы бул  коомчулукта бир топ социалдык олку-солкулуктун  пайда болушуна себеп болгон. Түркияда 2008-жылдагы глобалдык экономикалык кризисте социалдык коргоого бөлүнгөн каражаттын Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгүдөй чектелүүнүн ордуна каржылоолор арткан. Бул да глобалдык жана экономикалык кризистин таасирлерин азайтып, экономикадагы өсүүнү жанданткан. Ошондой эле пайда боло турган социалдык коркунучтардын алдын алып, коомдук динамикаларда бузулуу болушуна бөгөт койгон.

Билим алуу, саламаттыкты  сактоо, азык-түлүк жана баш калкалоо сыяктуу ар түрдүү муктаждыктар жоюлуп,  көрсөтүлгөн жардамдар бир топ үй-бүлөнүн жана жеке кишинин жакырчылыктан чыгышына өбөлгө болду.

Социалдык жардам жана социалдык мамлекет темасы учурда Түркияда эң көп көтөрүлгөн жана талкууланган маселе болуп  калды.

Мамлекеттин күчтүү жана адилеттүү болушунун негизги критерийлеринен бири- бул социалдык саясат болуп эсептелет. АК Партия мезгилинде да Түркия экономикасында эң көп талкууланган темалардан бири социалдык жардамдар болуп саналат.

Социалдык жардамдарга каршы чыккандар, адамдардын  тырмакчанын ичинде - «садага маданиятына» көндүрүлгөнүн сөз кылышууда. Ал эмес көпчүлүк убакта адамдардын саясий тандоосунун өзгөрүшүнүн да негизги себеби - бул жардамдарга көз каранды болгону айтылууда.

Чындыгында бул иштер Түркиянын Европа стандарттарында «социалдык мамлекет» болуу  максатындагы  жол карталарынан бирин түзөт.

Конституциянын 2-беренесинде белгиленген «социалдык мамлекет» болуу принцибинин алгач ирет мазмуну толтурулган мезгилден өтүүдөбүз. 2002-жылы бийликке келген АК Пратия өкмөтү мезгилинде болсо, орто эсеп менен 12 жылдык мөөнөттө, коомчулуктун бардык катмарына берилген социалдык жардамдарда алга карай олуттуу жылыш   байкалды.

Социалдык жардамдар бир нече эсе көбөйдү. АК Партия бийлигинде 2002-2015-жылдар аралыгында жалпы 165 миллиард түрк лирасы (60 миллирад долларга тете) бөлүндү.

Социалдык жардамдар үчүн 2001-жылы бюджеттен бөлүнгөн үлүш 1,15 пайыз болсо, 2015-жылы ал  4,80 пайызга өскөн.

Коньядагы «Каратай»университетинин Адам жана коомдук илимдер факультетинин социология бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Мазхар Баглынын социалдык темага арналган баамдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар