Түркия геотермалдык булактардан жакшы пайдаланууда

Түркия геотермалдык булактардан пайдалануу жаатында эң ылдам өскөн өлкө.

416180
Түркия геотермалдык булактардан жакшы пайдаланууда

Геотермалдык мериялар биримдиги жана Кыршехир шаарынын башчысы Яшар Бахчежи, Түркиянын геотермалдык суу менен жылыган парник жана геотермалдык суудан электр энергиясын өндүрүү жаатында дүйнөнүн эң ылдам өскөн өлкөсү болуп тандалганын айтты.
Бахчежи, геотермалдык суу мыйзамын чыгарууга 2007-жылы жетишкен Түркиянын жаңылана алган энергия булактарынын үлүшүн 30 пайызга жогорулатуу максаты бар экенин белгиледи.
Түркиянын геотермалдык булактардан алган кубаттуулугу өткөн жылдын акырынан баштап 405 мегаватт деңгээлинде болсо, 2015-жылдын 31-октябрынан тарта 615 мегаваттка жогорулады.
Бардыгы 72 миң 455 мегаватт болгон кубаттуулуктун 0,8 пайызы геотермалдык булактарга таянат.
Учурдагы 1407 электр өндүрүү станциясынын болсо 21и геотермалдык суулар менен иштейт.
Кен табуу жана изилдөө башкы директорлугунун көрсөткүчтөрүнө караганда, Түркиядагы геотермалдык энергия потенциясы 31 миң 500 мегаватт деңгээлинде болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар