Кытайдан ылдам жүрүүчү поезд экспорту башталды

Поезд үчүн жаңы муундагы технологиялар колдонулду.

336021
Кытайдан ылдам жүрүүчү поезд экспорту башталды

Кытай Македонияга экспорт жасай турган, толугу менен өз технологиясын колдонуп ылдам жүрүүчү поезд өндүрдү.
Ылдам жүрүүчү поезд Хунань провинциясында таанытылды.
Саатына 160 километр ылдамдыкта жүргөн поезд үчүн жаңы муундагы технологиялар колдонулду.
Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн өтө кылдат текшерилген поезд, кагышуу учурунда пайда болгон энергияны өзүнө тартып ала турган система менен жабдылды.
Кыска мөөнөттүн ичинде Македонияга жөнөтүлө турган ылдам жүрүүчү поезд өлкөнүн эң кыймылдуу жолунда колдонулат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар