Фундук экспорту

Фундук экспорту 7 айда 2 миллиард долларга жетти.

220174
Фундук экспорту

Дүйнөдөгү фундук өндүрүшү жана экспортунун чоң бөлүгүн колунда кармап турган Түркия бул тармактан 7 айда 2 миллиард долларга жакын киреше тапты.
Карадеңиз фундук азыктары жана экспортчулары биримдигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-сентябрда башталган 2014-2015 фундук экспорт сезонунун алгачкы 7 айлык мезгилинде, чагылган фундуктун 100 килограмм баасы орто эсеп менен 1 миң 325 доллардан сатылганы белгиленди.
Билдирүүдө 1-сентябрдан 31-мартка чейин Түркиянын 144 миң 600 тонна фундук экспорттоп 1 миллиард 800 миллион доллардык киреше тапканы баса белгиленди.
Түркия өткөн сезондун тийиштүү айларында 175 миң 785 тонна фундук экспорттоп 1 миң 300 миллион доллардык кирешеге ээ болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар