Түрк аба жолдорунун кирешеси
Түрк аба жолдору сатуу кирешеси 24,2 миллиард долларга жеткенин жарыялады.
Түрк аба жолдору сатуу кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 29 пайыз жогорулаганын жана 24,2 миллиард долларга жеткенин жарыялады.
Түрк аба жолдорунун жарыясында, 2014-жылы 5,6 пайыз өскөн дүйнөлүк авиация индустриясынан абдан жогору өсүү көрсөтүп глобалдык базардан алган үлүштү 1,6 пайыздан 1,8 пайыз деңгээлине чыгарганын белгилеп, "Мурдагы жылы 48,3 миллион болгон жүргүнчү саны 2014-жылы 13,3 пайыз артып 54,7 миллионго жетсе, Түрк аба жолдору дагы бир жолу Европанын эң көп жүргүнчү ташыган экинчи аба жолу фирмасы болду"-деп айтылды.
Түрк аба жолдорунун жарыясында, "Widen Your World /Дүйнө дагы чоң таба бер" девизи менен жүргүнчүлөрүнө дагы кеңири дүйнө убадасы берилгени белгиленди.
Анда "Дүйнөдө эң көп өлкөгө учкан аба жолу наамына ээ болгон Түрк аба жолдору учурубузда 108 өлкөдө 45 өлкө ичинде, 219 чет өлкөдө болуп бардыгы 264 жерге каттайт. Дүйнөнүн эң жаш флотторунан бирине ээ болгон Түрк аба жолдорунун флоту учурубузда 199 тар борт, 55 кеңири борт жана 9 жүк ташуучу учак болуп бардыгы 263 учактан турат"-деп маалымдалды.