Түркия тышкы инвестицияларга ыңгайлуу

Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун болсо Түркиянын экономикалык өнүгүүсүн жакындан байкагандарын сөз кылды.

155619
Түркия тышкы инвестицияларга ыңгайлуу

Түркия тышкы инвестициялар үчүн тартуучу борбор.
Экономика министри Нихат Зейбекчи Түркиянын күн өткөн сайын жаңы тышкы инвестициялар үчүн тартуучу борбор болуусун уланта турганын белгиледи.
Экономика министри Нихат Зейбекчи Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун менен эки өлкөнүн алдыңкы жогорку башкаруучулары орун алган иш жыйынына катышты.
Зейбекчи бул жердеги сөзүндө эки өлкөнүн иш байланыштарын өнүктүрүү максаты менен жолугушкандарын белгилеп, өкмөт катары түрк жана сипгапурдук ишкерлерге туш болушкан ар түрдүү тоскоолдукту чечүүгө даяр болгондорун сөз кылды.
Түркия жана Сингапурдун кыймылдуу базарлардын борборунда экендигин белгилеген Зейбекчи, ишкерлердин бул аймактарга дагы көп инвестиция салууларын ылайыктуу кыла турган иштерди жасашы керектигин айтты.
Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун болсо Түркиянын экономикалык өнүгүүсүн жакындан байкагандарын сөз кылды.
Лун Сингапурдун интеграциялуу иштер менен өнөктөштүктөрүн өнүктүрүүгө аракет кылгандарына токтолуп, «Экономикабызды өнүктүрөбүз. Өзүбүздү өзгөртөбүз жана узак аймактарга инвестиция сала турган жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издөөдөбүз. Жаңы өнөктөштүккө муктаждыгыбыз бар жана Түркияда да маанилүү бир потенцияны көрүүдөбүз. Биз бул жерде өнөктөштүк курууну каалайбыз. Чогуу аткарыла турган көп иш бар»,-деп айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар