Түркия космостук агенттигин курат
Элван Түркиянын космостук агенттигинин курулушуна карай иштер бүтүрүлгөндүгүн да алгач ирет жарыялады.
Түркиянын космостук агенттиги курулууда.
Бул туурасында сүйүнчүнү транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфү Элван берди.
Келээрки айда Түрксат-6А спутнигине байланыштуу келишимге кол коюлат.
Транспорт, деңизчилик жана байланыш министри Лүтфү Элван Анкарада эки маанилүү мекемеге барды.
Биринчи аялдамасы TAI ишканалары болду.
Лүтфү Элван келечекте Түркиянын аймактык жүргүнчү учагын өндүрүүнү максаттаганын сөз кылды.
Спутник борборун кыдырган Элван бул ишкананын Түркиянын алгачкы спутник интеграциялоочу жана сыноо борбору болгонун билдирди.
Түрксат-6А спутнигин да бул борбордо кура тургандарын жарыялаган транспорт министри Элван, келээрки айда Түрксат-6Ага байланыштуу келишимге кол коюла турганын айтты.
Элван Түркиянын космостук агенттигинин курулушуна карай иштер бүтүрүлгөнүн да алгач ирет жарыялады.
Лүтфү Элван ASELSAN ишканасына да барып өндүрүлүп жаткан аппараттар туурасында маалымат алды.
Тектеш кабарлар
![Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/e6ba/590e/d2a2/66715dd0cba44.jpg?time=1718804068)
Бодрумга эки круиздик кеме менен 539 жүргүнчү келди
Кеме кечинде райондон чыгып, Айдындын Кушадасы портуна барат.