Орусия: "Украинада эки жерди көзөмөлгө алдык"

Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскер бөлүктөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу маалымат берилди.

2144845
Орусия: "Украинада эки жерди көзөмөлгө алдык"

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын Харьков облусунда 1, Донецк облусунда да 1 отурукташуу жеринин орус армиясы тарабынан колго алынганын кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө, орус аскер бөлүктөрүнүн Орусия-Украина согушундагы иш-аракеттери тууралуу маалымат берилди.

Орус армиясынын Украинадагы операцияларын улантканы айтылган билдирүүдө: «Батыш аскер тобунун бөлүктөрү Харьков облусунун Ивановка конушун куткаруу менен пайдалуу позицияларды камсыздады. Борбордук күчтөр тобунун бөлүктөрү Донецк Элдик Республикасынын Нетайлово конушун да куткарышты»,-делди.

Украина армиясына таандык 44 учкучсуз учуучу аппараттын орус абадан коргонуу системалары тарабынан атып түшүрүлгөнү белгиленген билдирүүдө: «Аскердик операция башталгандан бери Украина армиясына таандык 603 учак, 274 тик учак, 24 миң 700 учкучсуз аппарат, 524 абадан коргонуу ракеталык системасы, 16 миң 172 танк жана бронетехника, 1318 көп стволдуу ракета аткычтар, 9 миң 887 гаубица жана миномет, 22 миң атайын аскердик унаа жок кылынды»,-деп кабарланды.



Тектеш кабарлар