Дагестанда болгон кол салуулар

Россияга караштуу Дагестан автономиялуу республикасынын башкаруучусу Мавсум Рагимов Махачкала жана Дербент шаарларында болгон куралдуу кол салууда каза болгондордун саны  21ге жеткенин билдирди.

2155714
Дагестанда болгон кол салуулар

Россияга караштуу Дагестан автономиялуу республикасынын башкаруучусу Мавсум Рагимов Махачкала жана Дербент шаарларында болгон куралдуу кол салууда каза болгондордун саны  21ге жеткенин билдирди. 

Рагимов  Telegram каналынан 23 -  июнда Махачкала жана Дербент шаарларында  полиция пункту,  синагога жана эки чиркөөнү бутага алган  кол салууларга байланыштуу : "Бүгүн түнү бир полиция каза болду. Террор коркунучу менен күрөшүп жатып жакындарына жана өлкөсүнө калкан болуудан корккон жок. Үй  - бүлөсүнө, жакындарына жана досторуна терең көңүл айтам",- деп билдирди. 

Россиянын ички иштер министрлиги жекшемби күнү Махачкала жана Дербент шаарларында ким экени белгисиз куралдуу кишилердин кол салгандыгын билдирген. 

Бир полиция пункту, синагога жана эки чиркөө бутага алынган кол салууда  15 полиция жана 5 жаран болгон  20 кишинин каза болгондугу, 5 кол салуучунун өлтүрүлгөндүгү маалымдалган. 

Орус басма сөзүндө да билдирилген айрым кабарларда кол салуучулардан экөөсүнүн  Дагестандын Сергокалинский аймактык башкаруучусу Магомед Омаровдун балдары экендиги айтылды. 

Омаровдун кол салуулардан кийин камакка алынгандыгы, кызматынан да бошотулгандыгы маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар